Олимпиада төрт этапта өтөт:
- Биринчи этап — мектептик, январь айында пландалган;
- Экинчи этап — райондук, февраль айына белгиленген. Бул деңгээлде облустардын райондору, ошондой эле Бишкек шаары жана райондук маанидеги шаарлар катышат;
- Үчүнчү этап — облустук, февраль айында өтөт. Ал облустарды, Бишкек жана Ош шаарларын камтыйт;
- Төртүнчү этап — республикалык, март айында өтөт.
Үчүнчү жана төртүнчү этаптар өлкө боюнча бир убакта, Министрлик тарабынан белгиленген мөөнөттө өткөрүлөт.
Олимпиаданын алкагында мектеп окуучулары төмөнкү предметтер боюнча өз билимдерин көрсөтө алышат:
- Англис тили, математика, информатика, физика, химия, биология, география, тарых, кыргыз тили жана адабияты, орус тили жана адабияты.
Олимпиадага катышуу акысыз.
Минпросвещениянын маалыматына ылайык, Республикалык олимпиаданын негизги максаттары төмөнкүлөр:
- таланттуу окуучуларды аныктоо, аларды предметтерди тереңдетип окууга шыктандыруу, ошондой эле чыгармачылык жөндөмдөрдү жана илимий ишмердикке кызыгууну өнүктүрүү;
- олимпиаданын жеңүүчүлөрүн даярдаган жогорку квалификациялуу жана чыгармачыл мугалимдерди аныктоо жана колдоо;
- дарынды балдарды тарбиялоого көмөк көрсөтүү.