
Fitch Ratings агенттиги бир катар кымбат металлдардын баалары боюнча болжолдорун жаңыртты, бул тууралуу анын расмий сайтында маалымдалды.
Жаңы баалоолорго ылайык, 2026-жылдын аягына чейин алтындын баасы 3,4 миң долларды түзөт, ал эми мурда 2,7 миң доллар деп күтүлгөн. 2027-жылы 2,5 миң долларга чейин төмөндөшү күтүлүүдө, 2028-жылы болсо 2 миң долларга чейин түшөт.
Платина боюнча болжолдуу баа 2026-жылдын аягына чейин 1,3 миң долларга жогорулаган. Мурда, сентябрда, бул көрсөткүч 1,05 миң доллар деп күтүлгөн. Fitch аналитиктери 2027-жылы платинанын баасы 1,2 миң доллар, 2028-жылы болсо 1,1 миң доллар болот деп эсептешет.
Мындан тышкары, Fitch медь баалары боюнча болжолдорун да кайра карап чыкты. 2026-жылга чейин медь 9,5 миң долларга бааланат деп күтүлүүдө, ал эми мурда 9 миң доллар деп болжолдонгон. 2027 жана 2028-жылдар үчүн 8,5 миң жана 8 миң доллар деңгээлинде баалар күтүлүүдө.