
Ал шаардык Ички иштер башкармалыгынын кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкармалыгына таксисттерге каршы мыйзамсыз жүргүнчү ташууларды жүргүзгөндөргө каршы аракеттерди күчөтүүнү жана тиешелүү рейддерди уюштурууну тапшырды.
Шаар башчысы убактылуу автобекет аркылуу шаар аралык ташууларды камсыздаган легалдуу таксисттерге лицензиялар биринчи кезекте берилерин белгиледи. Ошол эле учурда мэрия мыйзамсыз ишмердүүлүк менен алектенген айдоочуларга лицензия бербөөнү катуу сунуштайт.