
Министрлик бул сунуштардын сатууларга жана калктын ден соолугуна оң таасир этет деп ишенет.
Кыргызстандын айыл чарба министрлиги дүкөндөрдүн сөрөлөрүндө табигый жана жасалма сокторду бөлүп көрсөтүү идеясын сунуштап жатат.
Сунушталган чечимдердин бири түстүү зоналоону колдонуу. Ошондой эле, продукттун курамы тууралуу маалыматтын оңой окула турганы маанилүү.
Мындан тышкары, 50 чарчы метрден чоң дүкөндөрдө жергиликтүү продукция үчүн «Органика» же «Organic» белгиси менен атайын стенддер же сөрөлөрдү уюштурууну сунушташууда.
Министрликтин пикири боюнча, мындай кадамдар жергиликтүү товарлардын сатылышын көбөйтүүгө жана Кыргызстандын жарандарынын ден соолугун жакшыртууга жардам берет.
Сүрөт www