
24-декабрда евро, Россия рубли, Казакстан теңгеси жана Кытай юанинин расмий курстарынын өсүшү байкалууда. АКШ доллары болсо туруктуу деңгээлде турат. Бул маалымат Кыргызстандын Улуттук банкы жана Бишкектеги алмашуу пункттары тарабынан берилген.
АКШ долларынын курсу:
- Улуттук банк тарабынан берилген расмий курс 87,45 сомду (өзгөрүүсүз) түзөт.
- Алмашуу пункттарындагы орточо курс: сатып алуу — 87,37 сом, сатуу — 87,8 сом.
Евронун курсу:
- Улуттук банктын расмий курсу: 103,0555 сом (0,41 пайызга жогорулады). Бул декабрдагы евро үчүн рекорддук баа.
- Алмашуу пункттарындагы орточо курс: сатып алуу — 102,49 сом, сатуу — 103,48 сом.
Россия рублинин курсу:
- Улуттук банктын расмий курсу: 1,1118 сом (1,61 пайызга жогорулады).
- Алмашуу пункттарындагы орточо курс: сатып алуу — 1,104 сом, сатуу — 1,132 сом.
Казакстан теңгесинин курсу:
- Улуттук банктын расмий курсу: 0,1714 сом (0,94 пайызга жогорулады).
- Алмашуу пункттарындагы орточо курс: сатып алуу — 0,1486 сом, сатуу — 0,1814 сом.
Кытай юанинин курсу:
- Улуттук банктын расмий курсу: 12,4426 сом (0,13 пайызга жогорулады). Кытай валютасы жылдык баада кайрадан рекорд жаңыртты.
- Алмашуу пункттарындагы орточо курс: сатып алуу — 12,5 сом, сатуу — 13 сом.