
Кыргыз Республикасынын Чүй облусундагы "Ак-Тилек" чек ара ветеринардык контролдук пунктунда Орусия Федерациясынан колбаса азыктарын мыйзамсыз киргизүүгө жол берилген жок. Текшерүүнүн жыйынтыгы менен Евразия экономикалык бирлигинин ветеринардык-санитардык талаптарына жооп бербеген 11 720 кг продукция табылганы маалымдалды, деп билдирет Ауыл чарба министрлигинин маалымат кызматы.
Контрольдук пункттун инспекторлору кылдат текшерүү жүргүзүп, мыйзам бузуу фактыларын аныкташты, бул тиешелүү актыларды түзүүгө негиз болду. Товарды Кыргызстанга киргизүүгө тыюу салынды, жүк "Ак-Тилек" өткөрмө пункту аркылуу кайрадан Орусияга кайтарылды.