
Кышкы дем алыш күндөрүндө «Ак-Тилек» жана СВХ «Кант» пункттарында пландан тышкаркы текшерүү өткөрүлдү
Кыргызстанга Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭС) стандарттарына жооп бербеген жүктөр киргизилбейт. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Химизация, коргоо жана өсүмдүктөрдүн карантинин башкармалыгынан маалымдашты.
Жаңы жылдык майрамдар учурунда башкармалыктын жетекчиси Максат Кочеров кыргыз-казак чек арасында жайгашкан фитосанитардык контролдун «Ак-Тилек» жана СВХ «Кант» пункттарынын ишин пландан тышкаркы текшерүү өткөрдү.
Текшерүү учурунда фитосанитардык нормалардын сакталуусуна жана өлкөгө киргизилген өсүмдүк чыгымдарынын кайтарылышы, жок кылынуусу же дезинфекциясы боюнча чараларды күчөтүүгө көңүл бурулду.
Сүрөт www