Лабораторияны куруу үчүн бөлүнгөн жалпы сумма, ошондой эле керектүү жабдуулар жана мебель үчүн 350 миң АКШ долларын түзөт.
Химизация, коргоо жана өсүмдүктөрдүн карантин департаментинин директору Максат Кочеров Ислам өнүктүрүү банкынын жана «ЮниХелп» компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү. Жолугушуунун натыйжасында лабораториялык жабдууларды жана офис техникасын сатып алуу жана жеткирүү боюнча 14 170 121 сомго келишимге кол коюлду.
Ал карантиндик зыянкечтерден келген зыянды азайтууга жана региондун экономикасын бекемдөөгө, анын табигый ресурстарын коргоого мүмкүндүк берет. Заманауи лаборатория айыл чарба өндүрүшү, экспорттук потенциалды жогорулатуу, орман ресурстарын сактоо жана экологиялык коопсуздукту камсыз кылуу үчүн негизги инструмент болот, - деп белгилейт Минсельхоз.