
ААК «Кепилдик фонд» кепилдиктерди бизнес үчүн гана эмес, жеке адамдар үчүн да жеткиликтүү кылуу максатында мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизди. Бул тууралуу «Кабар» агенттигиндеги пресс-конференцияда башкармалыктын төрагасы Малик-Айдар Абакиров билдирди.
Абакировдун айтымында, фонд эки жыл мурун ипотекалык кредит берүү үчүн жарандарга кепилдиктерди бере баштаган. «Көптөгөн жарандар баштапкы төлөмдү төлөдө кыйынчылыктарга дуушар болушат. Бул маселени чечүү үчүн алар банктар аркылуу фондго кайрылып, адатта автоматтык түрдө берилүүчү кепилдикти алса болот», - деп түшүндүрдү ал.
2025-жылы Кепилдик фонд жалпы суммасы 4,1 миллиард сомдук кепилдиктерди берди, бул 13,7 миллиард сомдук кредиттерди тартууга мүмкүндүк берди. Атап айтканда, баштапкы төлөмдү талап кылбаган «Келечек» ипотекалык продуктусу боюнча 127,6 миллион сомдук 105 кепилдик берилди, бул 512 миллион сомдук кредиттердин көлөмүнө туура келди.
«Унаа» программасы боюнча – баштапкы төлөмсүз авто кредит берүү үчүн 67,1 миллион сомдук 154 кепилдик берилди, бул 261,8 миллион сомдук кредиттерди түздү. Мындан тышкары, «Ылдам» портфелдик кепилдиги боюнча 91 миллион сомдук 158 кепилдик берилди, ал эми алардын жалпы кредит көлөмү 414,4 миллион сомду түздү.