Өткөн айда Кыргызстанда 26 үй-бүлө «Келечек» ипотекалык продуктунун жардамы менен турак-жайдын ээси боло алышты. Бул продукт каржылык жардамга муктаж жарандар арасында улам популярдуу болуп жатат. Бул тууралуу «Гарантийный фонд» ААКсы маалымдады.
2025-жылдын 17-декабрына карата «Келечек» программасы ишке киргенден бери 94,2 миллион сомдон ашык суммада 78 кепилдик берилди, бул ипотекалык кредиттерди 379,1 миллион сомдон ашык суммада алууга мүмкүнчүлүк берди.
Уюмдан маалымдашкандай, «Келечек» ипотекалык кепилдикти алты өнөктөш банкта алуу мүмкүн: «Айыл Банк» ААК, «Элдик Банк» ААК, «МБанк» ААК, «Дос-Кредобанк» ААК, «Коммерческий Банк КСБ» ЖАК жана «Демир Кыргыз Интернэшнл Банк» ЖАК.
«Келечек» программасына катышуу үчүн негизги шарттар төмөнкүчө:
- жумуш стажы же ишкердик менен алектенүү минимум 12 ай болушу керек;
- ипотекалык финансылоо үчүн максималдуу сумма 10 000 000 сом;
- кепилдик камсыздоо турак-жайдын баасынан 30 % чейин болушу мүмкүн;
- кепилдиктин көлөмүнөн 2 % комиссия.