Компания тарабынан берилген маалыматка ылайык, бул төлөмдөрдүн көбү социалдык жана экономикалык мааниси чоң болгон учурлар менен байланыштуу.
- Мажбурдуу автограждандык жоопкерчилик камсыздандыруу (ОСАГО) боюнча 618 жаранга 57,2 миллион сом төлөндү.
- Мажбурдуу турак жай камсыздандыруу боюнча 223 жаранга 27,9 миллион сом төлөндү. Табигый кырсыктар жана өзгөчө кырдаалдардан жабыркаган үй-бүлөлөргө жардам берүү ААК «ГСО» ишинин негизги багыттарынын бири болуп калууда.
- Отко байланыштуу 132 жаранга 24,9 миллион сом төлөндү.
Жалпысынан, башка камсыздандыруу учурларын эске алганда, жалпы төлөмдөрдүн көлөмү 108 миллион 816,3 миң сомду түздү.