ААК «Мамлекеттик камсыздандыруучу уюму» (ГСО) он айдын ичинде жарандарга 108,8 млн сомдон ашык сумма төлөдү.
Уюмдан билдиришкендей, бул төлөмдөрдүн негизги бөлүгү социалдык жана экономикалык мааниси чоң камсыздандыруу окуялары менен байланыштуу.
Негизги төлөмдөрдүн структурасы төмөнкүдөй:
- ОСАГО боюнча 57 222 937,98 сом 618 жаранга төлөндү.
- Мажбурдуу турак жай камсыздандыруу боюнча 27 908 875 сом 223 жаранга берилди.
- От менен байланышкан окуялар боюнча 132 жаранга 24 927 248 сом төлөндү.