
Жогорку Кенештин жыйынында депутат Кубанычбек Самаков коммерциялык банктардагы жогорку кредит ставкалары боюнча суроо көтөрдү. Ал бул мекемелерде кредиттер 15%-20% жылдык үстөк менен берилерин, ал эми эл аралык финансылык уюмдар Кыргызстанга болгону 0,5%-1% ставка менен кредит берип жатканын, андан кийин парламент тарабынан ратификацияланып жатканын белгиледи.
«Бул айырмачылыктын себеби эмнеде? Аны азайтуу үчүн кандай чаралар көрүлүүдө?» - деп сурады ал.
Депутаттын суроосуна Улуттук банктын орун басары Медет Таиров жооп берип, эл аралык финансылык институттар валютада 1% менен кредит берип, ошондой эле инфраструктуралык жана жеңилдетилген кредиттерди сунуштап жатканын айтты.
Ал ошондой эле өлкөдөгү депозиттик ставкалар 15% га чейин өскөнүн кошумчалады. Бул учурда сомдогу кредит ставкалары жогору, ал эми чет элдик валюталарда төмөн — доллар боюнча орточо 7%-8% түзөт.