
Кыргыз фондулук биржасы (КФБ) Евразия өнүктүрүү банкы (ЕАБР) менен IT-инфраструктурасын модернизациялоо жана Quik программалык камсыздоосун киргизүү боюнча билдирүү жасады. Бул тууралуу биржанын басма сөз кызматы маалымдады. КФБнын башкармалыгынын төрагасы Талант Омуралиев 2026-жылга биржанын негизги максаты технологиялык жактан олуттуу жаңылануу экенин белгиледи.
«Биздин милдет — биржа инструменттерин мобилдик колдонмолор аркылуу ар бир жаранга жеткиликтүү кылган заманбап экосистеманы түзүү. Бул, өз кезегинде, өлкөнүн финансылык секторунун инвестициялык тартымдылыгын арттырат», - деп кошумчалады ал.
КФБнын директорунун милдетин аткаруучу Аида Чодулова биржанын экономикадагы маанилүү ролун баса белгиледи: компаниялар бул жерде керектүү инвестицияларды табышат, жеке инвесторлор узак мөөнөттүү сактоолорун көбөйтүүнүн ишенимдүү жолдорун алышат, ал эми мамлекет стратегиялык маанилүү долбоорлорду каржылоонун эффективдүү инструментин жана туруктуу өнүгүүнү камсыз кылуунун мүмкүнчүлүгүн алат.
2026-жылы КФБ валюталык жана товардык рынокторду активдештирүүнү, ошондой эле кымбат металлдар тармагында жаңы демилгелерди ишке ашырууну пландаштырууда.