
Кыргызстан 2026-жылы электромобилдерди импорттоо үчүн тарифтик жеңилдиктерди берүүнү улантат, ошол эле учурда киргизүүнүн көлөмүн кыйла көбөйтөт. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин ЕАЭБ координациялоо башкармалыгынын начальниги Элимбек Каныбек уулу «Кабар» агенттигиндеги маалымат жыйынында билдирди.
Учурдагы жылы электромобилдерди бажысыз киргизүү квотасы 10 миңден 15 миңге чейин көбөйдү. Башында бул сунуш ЕАЭБдеги өнөктөштөр тарабынан бир аз каршылыкка туш болду, бирок 2025-жылдын декабрь айында өткөн Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынында бул демилге колдоого алынды.
«Бул жеңилдик таза электромобилдерге жана Lixiang/Li Auto брендинин белгилүү моделдерин камтыган последовательный гибриддик унааларга да жайылтылат», — деп кошумчалады ал.