
Ош облусундагы Кара-Суй районунун прокуратурасы Савай айыл өкмөтүндө инспекция учурунда жер мыйзамдарын бузуу фактыларын аныктады.
Башкы прокуратура тарабынан берилген маалыматка ылайык, мурда балдар ден соолук борборуна таандык болгон 0,24 га жер тилкеси мыйзамсыз түрдө жеке колго сатылганы аныкталды.
Прокурордук кийлигишүүнүн натыйжасында, базар баасы 15,6 млн сомду түзгөн бул жер тилкеси муниципалдык менчикке кайтарылды.