

ОАО «Кыргызстандын Улуттук электр тармагы» 2026-жылы өлкөнүн бардык аймагында калк үчүн 390 миң «акылдуу» эсептегичтерди орнотууну пландап жатканын жарыялады.
Дүйнөлүк банк тарабынан колдоого алынган долбоор Кыргызстандагы энергетикалык инфраструктураны модернизациялоого багытталган.
Эсептегичтер төмөнкүдөй бөлүштүрүлөт:
- Бишкек – 91 210 даана;
- Чүй облусу – 89 129 даана;
- Ош облусу – 68 242 даана;
- Баткен облусу – 54 997 даана;
- Жалал-Абад облусу – 71 546 даана.
Цифрландыруунун максаты – электр энергиясын эсепке алуунун ачыктыгын жакшыртуу, техникалык жана коммерциялык жоготууларды азайтуу, ошондой эле электр энергиясын камсыздоонун сапатын жогорулатуу жана бул тармакта цифрдык инфраструктураны өнүктүрүү.
«Акылдуу» эсептегичтерди колдонуу электр энергиясын керектөөнү реалдуу убакыт режиминде көзөмөлдөөгө, тез арада бузулууларды аныктоого, уруксаты жок туташтырууларды алдын алууга жана эсептөөлөр үчүн так маалыматтарды түзүүгө мүмкүндүк берет.
Мындан тышкары, мындай система керектөөнү эффективдүү башкарууга жана жарандарга энергетикалык ресурстарды рационалдуу пайдаланууга жардам берет. ```