
Евразия өнүктүрүү банкынын акыркы жумадык макрообзору боюнча, быйыл январь айында Кыргызстандын жалпы ички продукты (ЖИП) 9% га өскөн.
Аналитиктер бул өсүүнүн негизги факторы жогорку керектөө суроо-талап экенин белгилешет. Ички соода ЖИПтин жалпы динамикасына 2,6 пайыздык пункт кошту, ал эми кызматтар сектору 1,9 п.п. кошумчалады. Негизги капиталга болгон инвестициялар да маанилүү өсүүнү көрсөтүп, 17,9% га көбөйдү.
Евразия өнүктүрүү банкы 2026-жылы Кыргызстан экономикасы жогорку темпте өнүгүүнү улантаарын, жылдын аягында ЖИПтын өсүшү 9,3% деңгээлинде болот деп күтүп жатат.