Кыргызстандын эл аралык резервдери 10 миллиард доллардын тегерегинде сакталууда

Сергей Мацера Экономика / Өзгөчө
VK X OK WhatsApp Telegram

Учурда Кыргыз Республикасынын эл аралык резервдери болжол менен 10 миллиард АКШ долларын түзөт. Бул тууралуу 24-февралда, Улуттук банктын төрагасынын орун басары Азат Козубековдун катышуусунда өткөн пресс-конференцияда маалым болду.

Анын айтымында, өлкөдөгү эл аралык резервдердин көлөмүнүн өзгөрүшү көпчүлүк учурда глобалдык рыноктогу алтындын баасынын термелүүлөрү менен байланыштуу.

Козубеков алтындын баасы өзгөрүп турганына карабастан, учурдагы резервдер Кыргызстан үчүн рекорддук деңгээлде экенин баса белгиледи.
VK X OK WhatsApp Telegram

Дагы окуңуз: