
2022-жылы Кыргызстанда айыл чарба тармагындагы инфраструктураны жакшыртуу үчүн маанилүү кадамдар жасалды, бул тууралуу өлкөнүн Су ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги маалымдады.
Министрликтин маалыматына ылайык, Жалал-Абадда карантин лабораториясынын курулушу башталды, ал эми Балыкчыдагы лабораторияны жаңылоого 350 миң доллар бөлүнгөн.
Бул демилгени ишке ашыруунун натыйжасында 14 жаңы МТС ачылып, 60 жумушчу орун түзүлдү жана 68 жаңы кооператив түзүлдү.
Министрлик бул долбоорлор айыл чарба секторун модернизациялоону, өндүрүлгөн продукциянын сапатын жана көлөмүн жакшыртууну, ошондой эле фермерлерге практикалык жардам көрсөтүүнү көздөп жатканын белгиледи.
Аделя Клычева