
Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Стандартташтыруу жана метрология борбору сертификаттоо боюнча эксперттерге байланыштуу жаңы чараларды жарыялады. Бул өзгөртүүлөр 2023-жылдын 28-февралында кабыл алынган өкмөттүн № 107 токтомуна ылайык сунушталган.
Экономика министрлигинде белгиленгендей, продукциянын ылайыктуулугун тастыктоого байланыштуу белгиленген эрежелерди жана процедураларды сактабаган учурда, компетенттүүлүк сертификатын токтотуу же жокко чыгаруу сыяктуу санкциялар колдонулушу мүмкүн.
Сертификаттарды жокко чыгаруунун негизги себептери: эки же андан көп ылайыктуулук сертификаттарын жараксыз деп таануу, ылайыктуулугун тастыктоо боюнча иштерди аткарбоо, инспекциялык контролдон баш тартуу, ошондой эле жалган документтерди берүү.
Стандартташтыруу жана метрология борбору эксперттерге бардык талаптарды жана процедураларды, ошондой эле Кедендик биримдиктин жана ЕАЭБдин техникалык регламенттеринин нормаларын катуу сактоону сунуштайт. Бул нормаларды сактоо продукциянын жогорку сапатын, анын коопсуздугун камсыз кылууга жана улуттук ылайыктык баалоо системасына болгон ишенимди күчөтүүгө багытталган.