Кыргызстанда айыл чарба продукциясынын өндүрүү көлөмү өскөнү катталды
Евразия экономикалык комиссиясынын маалыматына ылайык, Кыргызстанда айыл чарба продукциясынын өндүрүшүнүн көлөмү жогорулагандыгы байкалууда. 2025-жылдын январь айынан сентябрь айына чейин Евразия экономикалык биримдигиндеги өлкөлөрдүн жалпы өсүшү өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырганда 2,1% түздү. Эң чоң өсүш Кыргызстанда, Казахстанда, Арменияда жана Россияда катталды, ал эми Беларуссияда көрсөткүчтөрдүн төмөндөшү болду.