
Чүй облусунун Ички иштер башкармалыгынын маалыматына ылайык, Байдолотов Жыргалбек Мааткеримович 2025-жылдын 18-19-сентябрында Кеминде жоголгон. Учурда укук коргоо органдары бул иш боюнча текшерүү жүргүзүүдө.


Жоголгон адамдын белгилери: бою болжол менен 165-170 см, арык дене түзүлүшү, кыска кара чач.
Жоголгон учурда ал ак футболка, кара спорттук штан, кара бут кийим кийип турган.
Эгерде кимдир бирөө Байдолотов Жыргалбек Мааткеримовичтин кайда экендиги тууралуу маалыматка ээ болсо, Кемин районунун Ички иштер бөлүмүнө төмөнкү телефон номерлери аркылуу байланышсаңыздар болот: 0701 88-62-95, 0501 90-92-68, 0552 99-20-25.