

Кеминде жоголгон адамды издеп жатышат.
Чүй облусунун Ички иштер башкармалыгы Жыргалбек Мааткеримович Байдолотовдун (1976-жылдын 16-февралына туулган) кайда экенин аныктоого жардам сурап, жарандарга кайрылды. Ал 2025-жылдын 18-19-сентябрында Чүй облусунун Кемин шаарында жоголгон.
Ошондон бери ал байланышка чыкпай, кайда экендиги белгисиз.
Бул окуя катталган, учурда алдын ала тергөө жүргүзүлүүдө.
Белгилери: бою 165-170 см, арык дене түзүлүшү, кыска кара чач.
Жоголгондо ал ак футболка, кара спорттук шым жана кара кроссовка кийип турган.
Милиция анын кайда экендиги тууралуу кандайдыр бир маалыматка ээ болгон бардык адамдарды Кемин районунун Ички иштер бөлүмүнө 0701 88-62-95, 0501 90-92-68, 0552 99-20-25 телефон номерлери аркылуу кайрылууга чакырат.