
«Ж.К.Т.» унаасын текшерүү учурунда, скотч менен оролгон кара полиэтилен пакет табылган. Пакетти ачканда, 105 грамм салмактагы «гашиш» наркотиктик зат табылган. Кармалгандар КРнын Кылмыш кодексинин 342-беренесинин 3-бөлүмүнүн 1-пункту боюнча шектелүүдө жана КРнын ГКНБсынын тергөө изоляторунда жайгаштырылган. Учурда бул кылмышка башка катышуучуларды аныктоо үчүн кошумча тергөө иштери жүргүзүлүүдө.








