
Ведомствонун маалыматына ылайык, уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү алкагында УКМКнын кызматкерлери үч жаранды кармашкан: К.Н.К., С.Д.С. жана С.Б.Д. Алардын баары мурда оор кылмыштар боюнча мыйзам менен көйгөйлөрү болгон.


Жүргүзүлгөн тергөө иш-аракеттеринин натыйжасында кармалгандар Камчи Кольбаевга жакын адамдардын колдоосу менен иш алып баргандыгы жана Россияда эмгек миграциясында жүргөн Кыргызстандын жарандарын талап-тоноо, шантаждоо жана коркутуу менен алектенгендиги аныкталды.
Кармалган үч адам Бишкекке жеткирилип, УКМКнын тергөө абагына жайгаштырылды.
Арнайы кызматтар кармалгандардын аракеттеринен жабыркагандарды төмөнкү телефон номерлери аркылуу кайрылууга чакырышат: 0372256049, 0995012210.