
Же бул жыйынга келбегендиги үчүн маянаны кыскартуу коркунучуна болгон реакциябы?
29-декабрдан тартып Жогорку Кеңештин депутаттары региондордо иштей башташат. Бул чечим кечээ өткөн пленардык жыйында кабыл алынды.
Эскерте кетсек, жаңы курамдагы парламенттин биринчи сессиясы 17-декабрда башталган. Бирок депутаттар арасында жыйынга келбеген учурлар пайда боло баштады, бул тууралуу ЖКнын төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу бир нече жолу айтып, аларга айыппул салуу менен коркутту.
Мындан тышкары, өкмөт жаңы жылдык эс алуу күндөрүн 2026-жылдын 12-январына чейин узартты.
Сүрөт www