Мурда Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги 2026-жылдын 8 жана 9-январь күндөрү мамлекеттик жана муниципалдык уюмдардын, ошондой эле мамлекеттик бюджеттен каржыланган мекемелердин жана ишканалардын кызматкерлери үчүн эс алуу күндөрү болушун сунуштаган. Бул боюнча пландаштырылган:
- 2026-жылдын 7-февралындагы эс алуу күнүн 2026-жылдын 8-январына жумушчу күнгө которуу;
- 2026-жылдын 25-апрелиндеги эс алуу күнүн 2026-жылдын 9-январына жумушчу күнгө которуу.
Эмгек кодексине ылайык, 1-7-январь күндөрү Кыргызстанда майрамдык эс алуу күндөрү белгиленген.