
Алынган маалыматтарга ылайык, респонденттердин 29% кошумча эс алуу күндөрү үй-бүлө менен көбүрөөк убакыт өткөрүүгө жана аймактарга саякаттоого мүмкүнчүлүк берет деп эсептешет. Ошол эле учурда сурамжылоонун 18% катышуучулары мындай эс алуу күндөрү 2025-жылдагы оор жылдан кийин күч-кубатты калыбына келтирүү үчүн маанилүү экенин белгилешти.
Бирок респонденттердин 19% жыл бою эс алуу күндөрүн тең бөлүштүрүүнүн зарылдыгын билдиришти. Добуш бергендердин 15% узак мөөнөттүү каникулдар экономикага терс таасир этиши жана жумуш процессин жайлатышы мүмкүн экенин көрсөтүштү.
Мындан тышкары, катышуучулардын 8% 11 эс алуу күнү өтө көп деп эсептешип, алардын санын эки эсе кыскартууну сунушташты. Жети пайыз респондент бул маселеге кайдыгер экенин билдиришти, негизгиси транспорт жана медициналык мекемелердин үзгүлтүксүз иштеши экенин белгилешти.
Эскертебиз, Эмгек кодексине ылайык, 1-7-январь күндөрү Кыргызстанда иштебеген майрам күндөрү белгиленген. Бул жылы бийлик жаңы жылдык каникулдарды 12-январга чейин узартууну сунуштады, бирок 8 жана 9-январь күндөрү иштөө керек — 7-февралда жана 25-апрелде.