Жаңы документке ылайык, коммерциялык банктар жана төлөм уюмдары комиссиялык жыйымдарды алууга укугу жок:
- жеке жактардан улуттук валютада, мобилдик колдонмолор жана интернет-банкинг аркылуу жүргүзүлгөн которуулар үчүн;
- эл аралык акча которууларын алган адамдардан, эгерде алар Кыргызстанда эсеп ачпастан берилсе.
Нацбанктын өкүлдөрү эски комиссия нормалары жаңы токтомго каршы келбеген учурларда гана күчүндө болорун белгилешти. Мындан тышкары, документ 2024-жылдын 23-октябрына карата «банктын кызматтарын жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу боюнча чаралар» тууралуу токтомду жокко чыгарат.