
Видеодо эркектин жол кыймылынын башка катышуучуларына пистолет көрсөтүп коркутуп жатканын көрүүгө болот. Бишкектин Ленин районунун Ички иштер башкармалыгы окуянын № 100 маршруттун акыркы токтогон жеринде болгонун тастыктады.
Бул окуя боюнча 1990-жылы туулган Н.И. аттуу жаран кармалды. Ага Кыргыз Республикасынын укук бузуулар кодексинин 126-беренеси (Кичи хулигандык) боюнча протокол түзүлдү, андан кийин убактылуу кармоо жайына жайгаштырылды.
Кармалуу учурунда пневматикалык пистолет алынды.
Милиция мыйзамсыз аракеттердин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке алып келерин баса белгилеп, жарандарды коомдук тартипти сактоого чакырат.