
Ош шаарында Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары Алмаз Имангазиев менен Россиянын жаңы башкы консуласы Роман Свистиндин ортосунда жолугушуу болуп өттү.
Жолугушууда, ТИМдин маалыматына ылайык, Свистин Имангазиевге консулдук патенттин оригиналын тапшырды.
Тараптар консулдук чөйрөдөгү кыргыз-россия кызматташтыгы боюнча, анын ичинде Кыргызстанды Сочи шаарында Генералдык консулдук ачуу пландары боюнча көптөгөн маанилүү маселелерди талкуулашты. Эки өлкөнүн жарандарынын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо үчүн компетенттүү органдардын ортосундагы эффективдүү өз ара аракеттенүү маселелерине көңүл бурулду.
Жолугушуунун аягында катышуучулар кызматташтыкты тереңдетүүнүн маанилүүлүгүн баса белгилешти жана консулдук чөйрөдөгү өз ара аракеттенүүнү активдештирүүгө даяр экендиктерин билдиришти.