
Жүргүзүлгөн салык рейдинин натыйжасында Манас шаарында мыйзамсыз тамеки продукциясынын бар экени белгилүү болду.
Аныкталган сигареттер зарыл болгон коштоп жүрүүчү документтер жана акциздик маркаларсыз болчу.
Бул окуя боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык биринчи процессуалдык документтер түзүлдү. Азыркы учурда иштин материалдары укук коргоо органдарына өткөрүү үчүн даярдалып жатат, анда тиешелүү юридикалык баа берилет жана процессуалдык чечим кабыл алынат.