
Мария Захарова ОМС нормаларын түшүндүрүү жөнүндө сөз болуп жатканын тактады
Жакында өткөн брифингде Россиянын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Мария Захарова Кыргызстан Россия Федерациясына каршы ЕАЭС сотуна медициналык камсыздандыруу боюнча доо арыз бергендиги тууралуу ушактарды четке какты.
«Кээ бир маалымат каражаттары Кыргызстан соттук талаш-тартышты баштагандыгы тууралуу билдиришкен. Бул чындыкка дал келбейт. Кыргыз тарап да бул маалыматты тез арада четке какты», - деди Захарова.
Анын айтымында, сөз соттук доо арызы жөнүндө эмес, Кыргызстандан келген мигранттардын медициналык кызмат көрсөтүүлөрүнө байланыштуу медициналык камсыздандыруу нормаларын түшүндүрүү жөнүндө болуп жатат.
Мурда жаңылыктарда Кыргызстан Россияга өз жарандарын акысыз медициналык кызмат менен камсыз кылуудан баш тарткандыгы боюнча сотко арыз бергендиги тууралуу маалымат чыккан.
Сүрөт www