Учурдагы Жогорку Кенештин жыйынында депутаттар спикерликке талапкерлерди сунуштоо үчүн ишин убактылуу токтотуу чечимин кабыл алышты. Вице-спикер Чынгыз Ажибаев 12:00 чейин тыныгуу жарыялады, андан кийин депутаттар жыйынга кетишти.
Парламентте учурда беш депутаттык топ иштеп жатат:
- «Ата-Журт»
- «Мекенчил»
- «Элдик»
- «Ала-Тоо»
- «Адилет Кыргызстан»
Ошондой эле, депутаттар Эльвира Сурабалдиева, Болот Ибрагимов жана Эрулан Кокулов жеке тартипте иштешип жатканын белгилеп өтүү керек.