Алмаштырууга жаткыч жыгач опорлор 1960-70-жылдарда орнотулган жана алардын кызмат мөөнөтү кыйла ашып кеткен.
Алмаштыруу иштери төмөнкү райондордо жүргүзүлөт:
- Ак-Суу РЭС – 258 опор,
- Каракол РЭС – 260 опор,
- Жети-Огуз РЭС – 263 опор,
- Тон РЭС – 543 опор,
- Чолпон-Ата РЭС – 314 опор,
- Түп РЭС – 229 опор,
- Балыкчы РЭС – 282 опор.
Темир-бетон опорлорду орнотуу иштери 2026-жылдын ноябрь айынын аягына чейин аякталат. Опорлорду өндүрүү Балыкчыдагы заводдо жүргүзүлөт, ал 2017-жылдан бери иштеп жатат.
Эскерте кетсек, 2025-жылы региондо 1500дөн ашык жыгач опорлор темир-бетон опорлорго алмаштырылган.
Бул иш-чаралар электр энергиясын камсыздоонун ишенимдүүлүгүн жогорулатууга жана авариялык кырдаалдардын санын азайтууга багытталган.