
Н.И.нын кайрылуусунун натыйжасында Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 165-беренесине (Адам уурдоо) ылайык кылмыш иши козголду.
Милиция кызматкерлери оперативдик иш-чараларды өткөрүшүп, натыйжасында шектүүлөр: М.Б., Т.Д. жана Ж.А. кармалды, баары 2007-жылы төрөлгөн.
Бардык кармалгандар убактылуу кармоо жайына жайгаштырылды.
Тергөөнүн жүрүшүндө шектүүлөрдүн ортосунда карыздык милдеттенмелерден улам жаман мамиле болгондугу аныкталды.
Кылмыш ишинин алкагында зарыл соттук экспертизалар дайындалды, ошондой эле болгон окуянын бардык жагдайларын аныктоо үчүн тергөө иштери улантылууда. Тергөө уланууда.