2026-жылдын 16-февралында Ак-Суу айылында кар барысынын табылган тушусун текшерүү үчүн комиссия уюштурулду. Комиссиянын курамында Б. Абдыбеков (аңчылык көзөмөл), М. Шаршеев (егерь), Д. Асылбаев (ветеринардык башкаруу) жана Н. Кармышаков (ОВДнын тергөөчүсү) иштеди.
Текшерүү учурунда 10 жаштан ашык болгон эркек кар барысынын тушусу табылды. Визуалдык текшерүүдө ок жеп же механикалык зыян алган белгилер табылган жок.
Өлүмдүн так себебин аныктоо үчүн тушу Бишкектеги Улуттук илимдер академиясына жиберилди.
Интернетте кар барысы тартылган видео пайда болду. Анда жырткычтын короодо, алсырап көрүнүп турганы көрсөтүлгөн. Тасма тартылган убакыт белгисиз.
Бул публикацияны Instagramда көрүү
Публикация Turmush (АКИpress) (@turmush.akipress) тарабынан