
Өзбекстанда космоско учуу үчүн талапкерлерди тандоо боюнча жалпы улуттук конкурс башталды. Жергиликтүү басма сөздүн маалыматына ылайык, "Узбеккосмос" агенттиги космонавттарды даярдоонун эл аралык тажрыйбасын жана Эл аралык космос станциясында (МКС) илимий изилдөөлөрдү жүргүзүүнү анализдеген. Президент Шавкат Мирзиёев менен өткөрүлгөн жыйындын жыйынтыгы боюнча талапкерлерди тандоо жана учууну уюштуруу үчүн атайын мамлекеттик комиссия түзүү чечими кабыл алынды.
Талапкерлерге физикалык абалы, илимий даярдыгы жана чет тилдерин билүүсү боюнча катуу талаптар коюлат. Биринчи өзбек космонавты 10дон 14 күнгө чейинки кыска мөөнөттүү миссияга жөнөтүлөт деп болжолдонууда. Мындан тышкары, "Мирзо Улугбек" аттуу биринчи улуттук илимий спутникти иштеп чыгуу боюнча иштер параллелдүү жүргүзүлүүдө, анын учуру 2028-жылга пландалууда. Спутникти иштеп чыгууга Япониянын технологиялык институтунда билим алып жаткан Өзбекстандык студенттер катышууда.