Программанын негизги максаттары төмөнкүлөрдөн турат:
- граждандардын маданий баалуулуктарга жана өзүн-өзү билдирүү мүмкүнчүлүктөрүнө жеткиликтүүлүгүн камсыздоо;
- граждандык идентичносту калыптандыруу жана өнүктүрүү;
- маданияттын социалдык өзгөрүүлөрдө жана өлкөнүн экономикалык өнүгүүсүндөгү ролун күчөтүү.
Программаны ишке ашырууга катышкан КРнын министрликтерине, административдик ведомстволорго жана башка мамлекеттик органдарга анын аткарылышын мөөнөтүндө жана толук көлөмдө камсыз кылуу тапшырылган.