
Январь айынан баштап кыргызстандыктарда 5-15 миң доллар болушу керек, "качып кетпеши" үчүн
АКШнын Кыргыз Республикасындагы элчилиги билдиргендей, АКШга барууну пландап жаткан студенттер визалык кепилдик киргизүү милдетинен бошотулду.
Дипломатиялык өкүлчүлүктө белгилешкендей, бул талап F же M визаларына ээ болгон адамдарга колдонулбайт. Кепилдик B1/B2 бизнес же туристтик визасын алуу үчүн гана талап кылынат.
Эскерте кетсек, 2026-жылдын 21-январынан баштап АКШнын Мамлекеттик департаменти тарабынан 38 өлкөнүн, анын ичинде Кыргызстандын жарандарына жаңы талап киргизилет. Кепилдиктин өлчөмү элчиликтин өкүлү тарабынан интервью учурунда аныкталат.
Сүрөт www