Профессиясы боюнча дизайнер болгон Жээнтаев 2025-жылдын ноябрь айында кармалган, андан кийин ага каршы кылмыш иши козголуп, айыптоочу өкүм менен аяктаган. Анын адвокаты жана туугандары бул чечимди жогорку инстанцияларда даттанууну пландаштырууда.
Учурда соттолгон адам Бишкектеги тергөө абагында жатат.
Анын жакындарынын маалыматы боюнча, Жээнтаевдин оор ооруга чалдыккан энеси 27-февралда каза болгон. Үй-бүлө соттон 28-февралда Ысык-Көл облусундагы Темир айылында өтө турган жерге коюу зыйнатына катышуусуна уруксат берүүнү суранып жатат.

Сүрөт "Азаттыктан".
Адвокат Нурбек Сыдыков да коргоо тарап азырынча өкүмдүн көчүрмөсүн ала электигин белгиледи.