Ведомствонун маалыматына ылайык, Жээнтаевдин туугандарынын кайрылуусу өлкөнүн президенттик администрациясына жөнөтүлгөн, бул болсо уруксат берүүнүн негизин түздү.
ГСИНде "конвойлор аны жакын арада жерге берүү аземине алып барат" деп белгилешти.
Эске салсак, 2026-жылдын февралында Бишкектин Первомай райондук соту Жээнтаевге 278-берененин 3-бөлүмү "Жапырт башаламандыкка чакыруу" жана 332-берененин 1-бөлүмү "Экстремисттик материалдарды даярдоо, таратуу, ташуу же жөнөтүү" боюнча алты жыл эркинен ажыратуу жазасын берди.
Эрнис Жээнтаев 2025-жылдын ноябрь айында кармалган. Ал бир нече басылмаларда дизайнер болуп иштеген жана кылмыш иши козголгондон кийин күнөөлүү деп табылган. Үй-бүлөсү жана адвокаты соттун чечимин жогорку инстанцияларда даттанууну пландаштырууда. Адвокат Нурбек Сыдыков ошондой эле, соттун өкүмүнүн көчүрмөсү азырынча коргоо тарапка берилбегенин билдирди.

Сүрөт "Азаттыктан".
Учурда жазасын өтөп жаткан адам Бишкектин тергөө абагында жатат.
Туугандары анын оорудан жабыркаган энеси 27-февралда көз жумганын билдиришти.