Документти "Кыргызстандын аэропорттору" акционердик коомунун жетекчиси Манасбек Самидинов жана BBAM Aircraft Leasing & Management компаниясынын башкы директору Стив Зиссис кол коюшту.



Адылбек Касымалиевдин айтымында, бүгүнкү келишимдер өз ара ишеним жана ачык диалогдун натыйжасы болуп, узак мөөнөттүү кызматташууга умтулуу менен байланыштуу. Ал заманбап учактарды колдонуу Кыргызстандын жарандык авиациясынын деңгээлин жогорулатат деп белгиледи.

Сүрөт КР өкмөтүнүн сайтынан.
Кабмин башчысы 2021-жылдан 2025-жылга чейин ички жана эл аралык рейстерде аэропорттордо тейленген жүргүнчүлөрдүн саны 52% га, ал эми аткарылган авиарейстердин саны 53% га өскөнүн кошумчалады. 2021-жылы өлкөдө беш аэропорт иштеп турган болсо, азыр Кыргызстандын бардык аэропорттору иштеп жатат.

Сүрөт КР өкмөтүнүн сайтынан.
Airbus Europe компаниясынын президенти Йохан Пелисье жылуу кабыл алганы үчүн ыраазычылык билдирди жана Кыргызстандын авиация өнөр жайынын өкүлдөрү менен ийгиликтүү биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу үчүн түз байланыш орнотулганын белгиледи. Ал ошондой эле Кыргызстандын авиация тармагын өнүктүрүү боюнча кызматташууну улантууга ниеттенерин билдирди.





Airbus А321ceo учактарын "Кыргызстандын аэропорттору" акционердик коомуна өткөрүп берүү 2026-жылдын аягына пландалганын белгилеп өтүү маанилүү.

Сүрөт КР өкмөтүнүн сайтынан.
Бул сатып алуу "Асман Эйрлайнс" улуттук авиакомпаниясын колдоо максатында, "Кыргызстандын аэропорттору" акционердик коомунун кызыкчылыгында жүргүнчүлөр үчүн комфортту жогорулатуу, учуу коопсуздугун жакшыртуу, маршруттарды кеңейтүү жана эл аралык аренада позицияларды бекемдөө үчүн багытталган.