



7-мартта Түркияга жумушчу сапар менен барган тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Стамбулдагы Кыргыз Республикасының генеральдык консулдугун зыярат кылды.
МИДдин маалымат кызматынын маалыматына ылайык, иш-чарага Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Руслан Казакбаев, Стамбулдагы генеральдык консул Чыңгыз Токтобеков жана консулдук кызматкерлер катышты.
Сапар учурунда министр консулдуктун имараттарын оңдоо жана калыбына келтирүү иштеринин жыйынтыктары менен таанышып, Кыргызстандын жарандарына сапаттуу кызмат көрсөтүү үчүн түзүлгөн шарттарды баалады.
Мындан тышкары, Жээнбек Кулубаев генеральдык консулдук кызматкерлери менен алардын офисинде жолугушуу өткөрдү.
Өз сөзүндө министр консулдуктун негизги приоритети Түркиядагы Кыргызстандын жарандарынын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо экенин белгиледи. Ал ошондой эле консулдук мекемелер өлкөнүн экономикалык өнүгүүсүнө, эл аралык өнөктөштөр менен байланыштарды бекемдөөгө жана Кыргызстанга инвестиция тартууга активдүү түрдө көмөктөшүүсү керектигин кошумчалады.