Жылдыз Шеримбекова Жогорку Кенештин аппаратынын басма сөз кызматын жетектеди

Сергей Гармаш Өзгөчө
VK X OK WhatsApp Telegram
Жылдыз Шеримбекова Жогорку Кенештин аппаратынын маалымат кызматын жетектөөгө дайындалды. Тийиштүү буйрукка төрага Марлен Маматалиев кол койду.

Парламенттин маалымат кызматынан билдиришкендей, Жылдыз Шеримбекова 2012-жылы Кыргыз-Россия Славян университетинин эл аралык мамилелер факультетин аяктаган. Эмгек жолун ошол жылы Ысык-Ата райондук мамлекеттик администрациясында баштаган.

2022-жылдан 2024-жылга чейин Улуттук статистика комитетинин төрагасынын кеңешчиси болуп иштесе, 2024-жылдан тартып президенттин администрациясында маалыматтык саясат кызматынын эксперти болуп иштеген.
VK X OK WhatsApp Telegram

Дагы окуңуз: