Биринчи токтогон жери Караколдогу 1968-жылы курулган жана 550 орунга ылайыкташтырылган облустук бириктирилген ооруканасы болду. Кабмин башчысы реанимация жана хирургия бөлүмдөрүнүн ишин, ошондой эле жабдуулардын абалын жана дарылоо үчүн шарттарды текшерди. Мындан тышкары, ага 2024-жылы башталган жана 2027-жылы аякташы пландалган 350 орунга ылайыкташкан жаңы оорукананын имаратынын курулуш процессин көрсөтүштү. Имарат сегиз блоктон турат.
Андан кийин Касымалиев 1894-жылы курулган Өтө кооптуу жана карантин инфекцияларын көзөмөлдөө жана алдын алуу борборунун туберкулез бөлүмүнө барды. Ал лабораториянын заманбап биологиялык коопсуздук стандарттарына жооп бербестигин белгилеп, тиешелүү кызматтарга жаңы имарат куруу жана жабдууларды жаңылоону карап чыгуу тапшырмасын берди.




Визитин аяктап, министрлер кабинетинин башчысы Ысык-Көл облустук соттук-медициналык экспертиза бюросунда болду. 1897-жылы курулган имарат авариялык абалда жана үч бөлүмдү камтыйт. Касымалиев тиешелүү органдарга инфраструктураны модернизациялоо, жаңы имарат куруу жана жабдууларды жаңылоо мүмкүнчүлүгүн карап чыгуу тапшырмасын берди.

