Гана Республикасынын тышкы иштер министри Сэмюэл Окудзето Аблакванын визити тарыхый деп бааланууда. Бул маалымат Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министрлигиндеги Эфиопиядагы элчи Адылбек Тултемировдун жолугушуусунда айтылды.
Ал эки мамлекеттин ортосундагы кызматташтыкта чоң потенциал бар экенин белгилеп, саясий диалог улантыларын айтты.
«Гана Республикасынын тышкы иштер министри Сэмюэл Окудзето Аблаква Кыргызстанга расмий визит менен келди. Эки өлкөнүн министрлери бул визиттин тарыхый мааниси бар экенине макул болушту. Ал Кыргызстан менен Гананын өнүгүп жаткан мамилелеринин маанилүүлүгүн көрсөтөт. Жолугушуу учурунда эки өлкөнүн биргелешкен ишмердүүлүгүнүн ар кандай аспекттери талкууланды жана эки тараптуу саясий консультацияларды өткөрүү боюнча документке кол коюлду. Бул келечектеги диалог үчүн мыйзамдуу негиз болот», - деди Тултемиров.