Кыргызстанда Черногориянын почеттуу консулдугу ачылды, бул өлкөнүн тышкы иштер министри Эрвин Ибрагимовичтин визити учурунда болду.
Церемонияда Кыргызстандын тышкы иштер министрлигинин өкүлдөрү, черногор делегациясы жана бизнесмендер катышып, консулдук «граждандык жана коммерциялык структуралардын ортосундагы байланыштарды бекемдөө үчүн практикалык көпүрө» болуп кызмат кылат деп белгиленди.

«Биз кыргыз бизнесмендерин Черногорияга, черногор бизнесмендерин Кыргызстанга тартуу боюнча иштейбиз. Азыркы учурда Черногориядан биздин өлкөгө кызыгуу бар. Жакын арада ири эки тараптуу бизнес-форум өткөрүү жана түз авиарейстерди ачуу пландалууда. Казакстан жана Өзбекстан менен түз авиакатнаш орнотулган, жана Кыргызстанга мындай маршруттун ачылышы туризмди өнүктүрүүгө жана бизнес байланыштарды жеңилдетүүгө жакшы шарттарды түзөт. Мындан тышкары, черногор тарап кичи ГЭСтерди куруу, курулуш сектору жана өндүрүшкө инвестиция салууга кызыкдар. Биз бул тармактарда эки тараптуу кызматташтыкты активдештирүүнү көздөп жатабыз. Азыркы учурда эки өлкөнүн соода-өнөр жай палаталарынын ортосунда өз ара түшүнүшүүнү кеңейтүү боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат», - деп белгиледи Асанов.```