











Бишкектеги П. Шубин атындагы борбордук балдар музыкалык мектебинде бүгүн «Элдик ыр» жана «Фортепиано» номинацияларынын салтанаттуу ачылышы болуп өттү. Бул иш-чара Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө өлкөлөр үчүн уюштурулган биринчи жаштар Дельфий оюндарынын алкагында өттү. Ачылыш аземинде Бишкек шаардык мэриясынын маданият башкармалыгынын жетекчиси Урмат Белекбаев, КРнын Дельфий комитетинин төрагасы жана «Элдик ыр» номинациясынын калыстарынын төрагасы Анарбек Ибраев, ошондой эле «Фортепиано» номинациясынын калыстарынын төрагасы Мадина Файзиева сөз сүйлөштү.
Иш-чарада алар Дельфий оюндарынын жаштардын чыгармачылык потенциалын ачууга, улуттук маданиятты популяризациялоого жана эл аралык маданий байланыштарды бекемдөөгө уникалдуу платформа катары маанисин белгилешти.
Номинацияларды ачуу менен бай конкурстук программа башталды, анда элдик мелодиялар, жаркын вокалдык номерлер жана музыкалык аспаптарда ойноо чеберчилиги көрсөтүлөт.
Дельфий оюндары дагы бир жолу өзүнүн статусун тастыктап, салттар заманбап искусстволор менен органикалык түрдө айкалышып, жаштар үчүн чыгармачылык диалог жана кесиптик өнүгүү үчүн мейкиндик түзүүчү аянтча болуп калды.